Ош шаарында тил майрамына арналган концерт өтөт

КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен бүгүн, 1-декабрда “Мамлекетти бекемдөө мамлекеттик тилден башталат” деген аталышта гала-концерт өтөт. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.

Маалым болгондой, аталган концерт саат 11:00дө С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтөт. Концертте ар улуттун өкүлдөрү кыргызча ырларды жана бийлерди аткарышат.

Иш-чарага өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Билим берүү башкармалыгынын райондук жетекчилери, ЖОЖдордун ректорлору жана тиешелүү жетекчилер катышмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан