КРнын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев 29-ноябрь күнү №3-балдар ооруканасына пландалбаган иш сапары менен барып кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш сапардын жүрүшүндө министр жандандыруу жана хирургиялык бөлүмдөрдүн, чарба иштери, дарыгерлер бригадасынын эс алуу бөлмөлөрүнүн абалы менен таанышып чыкты.
“Оорукананын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков министрге жаңы инвестициялык пландар, жаңы хирургиялык имараттын курулушу, жаңы жабдууларды алып келүүдө булактарды издөөсү тууралуу айтып берди. Ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана жаш кадрлардын абалын жакшыртуу боюнча тапшырмаларды чечүү тууралуу да сөз болду” деп айтылат маалыматта.