Коргоо министри Аскер лицейинин абалы менен таанышып, жаңы курулган футбол аянтчасын ачуу аземине катышты (фото)

Бүгүн, 1-декабрда коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде болгон оңдоо иштеринин жыйынтыктары менен таанышып чыкты. Иш сапарынын алкагында ал кичи футбол аянтчасын ачуу аземине да катышты.

Министрдин айтымында, бардык оңдоо иштерине 12 миллион сом бөлүнгөн. "Бул окуу жайдын абалы начар эле. Жакшы оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес болчу. Акыркы мезгилде армиянын өнүгүшүнө президент тарабынан жакшы колдоо көрсөтүлүүдө. Аскер лицейинде окуган курсанттар үчүн жаңы эмерек сатылып алынып, ашканада оңдоо иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары жаңы кичи футбол аянтчасы курулду. Мунун баары Коргоо министрлигинин акча каражатына ишке ашты. Бул иш аскер тармагын өнүктүрүүнүн биринчи этабы",- деди Кудайбердиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kairatmyn
2014-12-01 13:25:09
Мына бул жакшы жоролго.
+2
nur-patriot
2014-12-01 13:28:06
азамат министр. сыйлайм
+2
Dadin2
2014-12-01 13:30:37
Баягы эле показуха ..
-3
Taalai_kg
2014-12-01 13:54:19
мындай нерсе жон гана корунуш да чондор келгенде суттон ак болуп корунушо калышат башка кундору акыбалына маймылдар ыйлай турган болот мен армиянын турмушун жакшы билем
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан