Оштун вице-мэри: "Владимир Путиндин ысымын берүү демилгеленген көпүрө азырынча эч кандай аталышка ээ болбойт"

Ош шаарында курулуп жаткан эстакадалык көпүрөгө эч кандай аталыш берилбейт. Азырынча ал көчөнүн эски аталышындай эле Алишер Навои көчөсүндөгү көпүрө деп аталат. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда SUPER.KG порталына Ош шаарынын вице-мэри Жапарбек Ормонов билдирди. 
Маалым болгондой, буга чейин Ош шаардык кеңешинин депутаты Талант Капаров аталган көпүрөнү Владимир Путиндин ысымы менен атоону сунуштаган болчу. Ага көпүрө орусиялык гранттын эсебинен курулуп жаткандыгы себеп болгонун жана мындай кадам менен ортодогу достук мамилени бекемдөөнү көздөгөнүн айтып чыкканы маалым. Белгилүү болгондой, көпүрөнүн курулуш иштерине орусиялык гранттын эсебинен 667 миллион сом бөлүнгөн. Учурда курулуш иштеринин экинчи этабы башталды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Kairatmyn
2014-12-01 13:29:58
Мурунку атын озгортуш керек болбойт! Эмне кыргызда улуу инсандар калбай калганбы.
+3
brend007
2014-12-01 13:38:26
Чынгыз Айтматов копуроосу деп аталсын. Абсамат Масалиев. Жоомарт Боконбаев. эч ат таппай калсанар Мелис Мырзакматов деп койгула. Ушул кишинин эмгеги чон Ош шаары учун.
+8
mirbakg
2014-12-01 13:53:17
Башканы койуп Новои кочосуно кыргыздын чыгаан уулдарынын аттарын койгулачы мисалы Баямандын !
+7
Bekzamann
2014-12-01 13:54:44
Мелис болгондо Ош шаарынын бюджети менен бутмок.. Эми шаардын бюджетинин бир болугу ак уй кок уй сол чонтоко кетип жатат.. Мелис ал жолду бууп шаарга иштетип келген болчу азамат.. Эми орустан карыз алып копуронун бюджетин азайтып сапатсыз эптемей копуро курушат бети жоктор..
+7
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-01 14:51:27
Эски атын озгортуш керек Новои кыргыздар учун емне кылып койуптур билгендер барбы ошол атты кантип койуп койушкан билбей?!
+3
zman53
2014-12-01 14:52:56
Копуроого да ат кое баштайсынарбы?Эртен кетмен,курок ж.б. да ат койгула.
0
amantur123
2014-12-01 15:48:18
zman53, салам сиз копуро менен кетмен курокту салыштырбаныз албетте копурого ат коюп койгон жакшы негизинен бирок владимир путин эмес путиндин атын жерибизге берип жатып акыры кыргызстан аты очуп путин болгону калды биздин чондорубуз бизчелик мекенине куйуп бизчелик ойлонсо мекенибиз онолмок!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан