Бишкекте СПИДге каршы күрөшүү күнү белгиленүүдө

Бүгүн, 1-декабрда Бишкек шаарындагы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында "ВИЧ-инфекциясын жугузуп алгандардын санын нөлгө жеткирүү! СПИДден боло турган өлүм фактыларынын санын нөлгө жеткирүү!" деген ураан менен Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү белгиленүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 1-ноябрдан 1-декабрга чейин ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча айлык өткөн. Анын алкагында борбор калаадагы жогорку окуу жайларда аталган илдет боюнча түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлгөн. Ал эми китепканаларда "ВИЧ-инфекциясынын алдын алуу" темасына арналган көргөзмөлөр уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан