Гидрометеорология агенттигинин маалыматына караганда, 2014-жылдын 3-4-декабрында республикабыздын аймагында мезгил-мезгили менен, айрым жерлерде кар катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тайгак болот. 4-6-декабрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12° суук, күндүз 1…6° суук, түштүк райондордо түнкүсүн 0…5° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13° суук, күндүз 2…7° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн 17…22° суук, күндүз 8…13° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 22…27° суук, күндүз 10…15° суук болушу күтүлөт. Мындай аба ырайы кыштоодо малды кармоо, автоунаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.