Быйыл Кыргызстанга жалпысынан 1 миллион 81 миң тонна мунайзат импорттолгон, анын 577 миң тоннасы бензин, 504 миң тоннасы дизель отуну. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда маалымат жыйынында КРнын Мунай сатуучулар ассоциациясынын башчысы
Медетбек Керимкулов билдирди.
Анын айтымында, күйүүчү май рыногунун сыйымдуулугу 1 миллион тоннаны түзгөндө, ошондой эле декабрь айында ташып келүүнүн божомолун алганда, 2014-жылдын аягында аталган көлөм 15-200 миң тоннадан ашуусу күтүлөт. "Андыктан мунай сатуучулар республиканын отунга болгон керектөөлөрүн кандайдыр бир чектөөлөргө жана тартыштыгына жол бербей, толугу менен канааттандырат",- деди Керимкулов.
"Быйылкы жылдын ноябрь айынын аягына карата күйүүчү май калдыктары 98 миң тоннаны түзөт, анын 64 миң тоннасы бензин, 34 миң тоннасы дизель отуну",- деп кошумчалады ал.