Казакстанда кармалган күйүүчү май жүктөлгөн вагондордун көбү кылмыш ишин күбөлөндүрүүчү материал катары өтүүдө

Казакстанда кармалган күйүүчү май жүктөлгөн 393 вагондун 232си кылмыш иши боюнча буюмдук далил катары өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда маалымат жыйынында Мунай сатуучулар ассоциациясынын башчысы Медетбек Керимкулов билдирди.
Анын айтымында, президент Алмазбек Атамбаев быйыл 7-ноябрда Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында аталган вагондорду чыгаруу боюнча макулдашууга жетишкен. "12-ноябрда Кыргызстанга 41 вагон гана келген. Бул вагондор боюнча бажы декларациясына КРнын резидент катары кызматташуусуна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү керек болгон. Алар боюнча документтер иретке келтирилип жөнөтүлгөн",- деди ал.
"Ал эми калган 232 вагон кылмыш ишин күбөлөндүрүүчү материал катары өтүүдө. Аталган иштерди Казакстандын прокуратурасы карап жатат",- деп түшүндүрдү Керимкулов.
Эскерте кетсек, 18-сентябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстанга өтө албай кыргыз-казак чек арасында турган күйүүчү май жүктөлгөн вагондор боюнча Казакстанда кылмыш иши козголгонун айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
myrza80
2014-12-02 11:57:35
Кандай кылмыш,ким тарабынан болгон ушу тууралуу кененирээк маалымат бергилечи.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан