Декабрда күйүүчү майдын бааларынын акырындык менен төмөндөөсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда маалымат жыйынында Мунай сатуучулар ассоциациясынын башчысы
Медетбек Керимкулов билдирди.
Анын айтымында, Орусияда мунай өндүрүүчү ишканалардын бааларынын төмөндөөсү байкалат. "Мындан тышкары мунайзаттын баасына дүйнөлүк рыноктогу мунайдын арзандоосу да таасирин тийгизүүдө. Кыргызстанда мунайдын арзандашы жайдын аягында башталган. Ошол эле учурда орусиялык жана Кыргызстандын валюта рынокторунда АКШ долларынын курсунун тынымсыз өсүшү күйүүчү майдын баасына терс таасирин тийгизүүдө. Жылдын башынан бери доллар сомго карата 17 пайызга (8,4 сомго) өскөн, рублга карата 51 пайызга (16,6 рублга) өскөн",- деди Керимкулов.
"30-ноябрдан тарта АИ-80 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 0,5 сомго, жайкы дизотун 1 сомго, кышкы дизотун түндүктө 3,2 сомго, түштүк аймакта 4,3 сомго арзандаган",- деп толуктады ал.