Кытайлык бизнесмен өз айылындагы 72 үй-бүлөгө заманбап үй салдырып берди

Кытайда 54 жаштагы Сюн Шуихуа аттуу бизнесмен өзү чоңойгон айылдагы 72 үй-бүлөгө жаңы, жасалгалуу үй салып берди. Ал кыштак Кытайдын түштүгүндө жайгашып, ал жакта салынган үйлөрдүн баарында заманбап шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Сюн Шуихуа чоңойгон айылдагы үйлөрдүн эскилиги жетип, жарактан чыгып калган. Аны көргөн бизнесмен атайын техника жалдатып, айылын толугу менен сүрдүрүп салган. Эски айылынын ордуна жаңы жолдорду, ар бир үй-бүлөгө бардык шарты бар, заманбап үйлөрдү салдырып берди. 

“Убагында менин чөнтөгүмдө бир тыйын жок болчу. Ошондо менин айылдаштарым мага, менин үй-бүлөмө көмөк көрсөтүп, бизди колдошкон. Эми мен ал жакшылыкка жакшылык менен жооп кайтаргым келди”,- дейт С.Шуихуа.    

Салынган жаңы курулуш долбооруна 6 миллион доллардан ашык каражат сарпталган. Бизнесмендин айтымына караганда, бул долбоорду ишке ашыруу эч кандай кыйынчылык жараткан эмес. Себеби анын топтогон дүнүйөсү жана акчалары анын калган жашоосуна да коротуп, түгөтүүгө мүмкүн эмес. Белгилүү болгондой, бизнесмен өз байлыгын металл өндүрүү менен топтогон.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
tasnim
2014-12-02 16:56:49
Жокту коргон адам гана ушундай кадамдарга барат,биздикилердин баарынын акчасы бар корупция менен барып отурган ошол сасык столдорго,мин наалат болсун силерге!
+2
edu.kg
2014-12-02 17:06:06
Эркек адам экен....мындай бизнесмен жэ акчасы коп адамдар бар болгону менен бизде, тиги адамдай акчасын коротуп сооп иш кыла албайт окундургону ушу. Бул адамга кандай мактоо айтсан да жарашат. Биздин кыргыз агаларыбызчы?акчаларын чет жакка которо качып же шот ачып топтогондон башка пайдалары жок. Бир айыл эмес бир уйбулого жардам беришсинчи...
+1
doni89
2014-12-02 17:08:22
Акчаларын анын калган жашоосуна да коротуп түгөтүү мүмкүн эмес....жоко чөкпөгөн барга көпөгөн адам экен кыйынчылыкты көргөн айылдаштарын жардамын баалаган инсан екен сөз жок
0
KG_BeatMaker
2014-12-02 17:11:08
Чын эле эркектик мунозун корсотуптур. Бизде андай кылуу бул жакта турсун эли учун куйуп жакшылык кылып жаткан адамга бут тосуп эптеп ошонун чогултканын тартып алууну коздошот. "Ач иттин артын - сук ит жалайт" болуп. Ким жонундо айтып жатканымды тушундунуздор деген ойдомун. Ар бирине нысап бербесе кыйын да. Темага токтолсок азамат. Адамдык касиет деген бар экен. Био мезгилде кылган жакшылыкты унутпай анысын 100 эсе коп кылып кайтарып.
0
edu.kg
2014-12-02 17:15:15
Соз жок бул адамга,эн сонун уйлорду салып бериптир,баардыгы бар экен заман бап. Жокчулукту тушунгон, эл кадырын билген,элдин койгойун тушуно билген айкол адам экен. Ача эмне бугун бар эртен жок,бар кезинде жардамынды бере салсан сооп эмеспи
0
tolkun85
2014-12-02 17:16:56
биздин байлар чондор мындай уй салып бермек турсун,озун ушундай кылып салсан налог салып тартып алгылары келип турат.
0
Nur_Iman
2014-12-02 17:50:21
Биздикилер мындан коро, казынага, элдин байлыгына кол салбай эле койсо кана!!!Бизге ушул чооон жардам болмок!
+1
Aksy-13
2014-12-02 19:07:49
кандай гана керемет адам! Ушундай адамдар да болот экен да. Азамат экен. Кана бизден да ушундай бир эркектер чыкса
0
Ariet7
2014-12-03 00:35:41
Кыргызстанда иштеген кытай кыргыздарга салып берген экен деп ойлоп кирдим элее(((((
0
GULZAT.83
2014-12-03 00:39:48
Ariet7, менда ошентип ойлогом
0
Looks
2014-12-03 18:57:32
GULZAT.83, ушу биздикилерге бироолор бере эле берсе. Бере эле берсе.
0
GULZAT.83
2014-12-03 00:41:41
Биздин чиновниктергеда жугуштуу болсокен ылайым!
0
temirov76
2014-12-03 10:19:24
Биздин байлар да эми ушул кайрымдуулукту окуп калса 72 эмес 100 эле уй салып берсе керек, себеби кыргыз намыской болобузго.
+1
mikinookat
2014-12-03 10:56:34
бизде дагы ушундай окшош уйлуу айылдар кобойсун,,,
0
nurali20
2014-12-03 11:49:04
Адамдын коз жоосун алган сонун уйлор экен.Бизге да Аллах насип эткен болсун!!!Дордойдун тегерегиндеги кепелер ,шаардын коркун бузат.Кол жээкке да ушундай уйлор салынса,кандай керемет.Жолдун тузунон коз тайыйт!Баракелде, кытай соз жок сага!
0
InsanKg
2014-12-03 17:54:53
Бизде деле 6 миллион доллар кеп эмес адамдар толтура. Мындай ишти жасаса журогуп кармап, депрессия болуп кетпейби. Дагы алсам экен, дагы деп журуп бул дуйнодон отушот го
0
asmat6
2014-12-03 18:30:40
Азамат бул жалган дуйнодо сооп кана издешибиз керек Аллах ыраазы болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан