Жалал-Абадда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн тигүү цехи ачылды

Бүгүн, 2-декабрда Жалал-Абад шаардык «Данакер» майыптар коомдук бирикмесинде 3-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата тигүү ишканасынын ачылышы болду.

Мында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумуш менен камсыз кылуу максатында Жалал-Абад шаардык аялдар комитети 20 миң сомдук тигүү эмеректерин жана “Достук” аймактык башкаруусунун ишкер айымы Гүлбара Жунусова 5 тигүү машинасын алып берип, тигүү ишканасы ачылууда. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар энелери менен биргеликте катышып, жардам берип, көңүл буруп жаткандарга ыраазычылыктарын билдиришти.

"Мэрия тарабынан бир айлык жарыяланган, анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүү каралган. Бүгүнкү күндө 634 жаранга 500 сомдон акча каражаты берилип жатат. Жалал-Абад шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 6 коому бар, аларга ар бир мекеме-ишкана бөлүнгөн, алар өздөрүнүн салымын кошушат",- деп билдирди мэрдин социалдык иштер боюнча орун басары Турдалы Темирбаев.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кол өнөрчүлүк боюнча буга чейин деле ар кандай буюмдарды тигип келишкен. Эми мындан кийин жатакана, балдар үйлөрү, ооруканаларга керектүү шейшеп, жууркан каптарын тигебиз деген пикирлер айтылды жана катышуучуларга өнөрлүүлөр өздөрүнүн ыр белектерин сунушту.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан