Бишкектеги автобустарды газга которуу сунушталууда

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин Турак жай-коммуналдык чарба, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча депутаттык комиссиясынын отурумунда Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук ишканасынын башчысы Жолчубай Мамбеткожоев борбор калаадагы автобустарга газ менен иштеген кыймылдаткычтарды орнотууну сунуштады.
Анын айтымында, бул сунуш бензиндин кымбатташы жана анын тартыштыгынан улам болууда. "Башында 5 автобусту газга которууну пландап жатабыз. Буга 2500 доллар керек",- деп түшүндүрдү Мамбеткожоев.
Депутаттар мындай демилгени туура деп белгилешти. Алардын айтымдарында, эгер газга которуу жакшы жыйынтыктарга алып келсе, анда башка автобустарды да газга которуу керек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан