Бишкектеги муниципалдык автобус айдоочулардын айлык акысы 11 миң сомго барабар. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин Турак жай-коммуналдык чарба, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда Бишкек автотранспорт ишканасынын башчысы Жолчубай Мамбеткожоев билдирди.
Анын айтымында, аталган ишкананын балансындагы 150-160 автобус каттаса, 147 автобус оңдоого муктаж. "Мындан тышкары 85 автобусту жолго чыгарса болот, бирок айдоочулардын жетишпегендигинен бул унаалар жөн эле турат. Жалпысынан 500 айдоочу керек, ал эми бүгүнкү күнү 340 адам иштейт. Алардын маяналары 11 миң сом",- деди ал.