Кечээ, 1-декабрда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков жаш футболчуларды кабыл алды. Жаш футболчулар 6-12-августта Кореянын Хван Сон шаарында жаштар арасында өткөрүлгөн Азиянын футбол фестивалына ийгиликтүү катышып кайтышкан. Бул тууралуу өкүлдүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков жаш спортчуларды куттуктап, чет мамлекетте Кыргызстандын желегин желбиреткендиктери үчүн ыраазычылыгын айтып, жеңиштери менен куттуктады. Жаш спортчулар, машыктыруучулар жана ата-энелер Сооронбай Жээнбековго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.