Ош шаарындагы мектептердин олимпиадасынын аймактык баскычы 2014-жылдын декабрь айында электрондук вариантта өткөрүлүүсү пландалууда. Бул тууралуу Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, учурда электрондук тестирлөө программасы иштелип жатат. Окуучулар бардык сабактар боюнча компьютерде тест аркылуу жооп беришет. Олимпиаданы электрондоштуруунун максаты - окуучулардын билимин так жана калыс баалоо. Ошондой эле убакытты үнөмдөө да эске алынат.
Кошумчалай кетсек, Ош шаарында 2013-2014-окуу жылындагы мектеп окуучуларынын олимпиадасы 5 баскыч (1-баскыч - мектепте, 2-баскыч - аймактык, 3-баскыч - шаардык, 4-баскыч - регионалдык, 5-баскыч – республикалык) менен өткөрүлгөн. Быйылкы окуу жылындагы сынактын 1-баскычы 28-29-ноябрь күндөрү өткөрүлдү.