Кыйноо боюнча айыпталып, кийин акталган милиционер моралдык зыян келтирилгендиги үчүн 1 миллион сом талап кылууда

Каракол шаарынын ИИБинин милиция кызматкери Мирлан Кыдырмышев "кыйноо" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, кийин Жогорку Сот тарабынан акталган. Бул тууралуу "Голос свободы" укук коргоо уюмунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эми милиционер мэриянын казыначылыгына каршы арызын Каракол шаардык сотуна тапшырган. Анда ал моралдык зыян келтирилгендиги үчүн 1 миллион сом (17 миң доллар) талап кылууда.

Кыдырмышевдин айтымында, Каракол шаарынын жана Ысык-Көл облусунун прокуратуралары соттун чечими чыга электе эле массалык маалымат каражаттары аркылуу аны айыпталуучу деп жарыялап, кесиптештери жана туугандарынын арасында кемсинткен. "Мындан улам менин апам катуу ооруп, өзүм болсо асынып алайын деген ойдо болгом",- дейт милиция кызматкери. 

"2012-жылдын декабрь айында М.Кыдырмышев "бир жаранды милиция бөлүмүндө ур-токмокко алган" деп шектелген. Ага "кыйноо" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ал кызматынан бошотулган. Бирок окуя болгон учурда жабырлануучу мас абалында болчу жана эч кандай денеге зыян албагандыгы далилденген. Буга карабастан милиционер жабырлануучунун тиштерин дарылатып берген. Андан соң жабырлануучу милиция кызматкерине доо-талабы жок деп арызын жазган. Милиционердин айтымында, ага каршы кылмыш иши жабырлануучунун тууганы ИИМдин кызматкери А.А. менен кастык мамиледе болгонунан улам козголгон",- деп билдирет укук коргоочу уюм.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dolbooruwka
2014-12-03 11:19:12
ииии толонуп берилсин!
+1
nur-patriot
2014-12-03 11:29:19
бечара. Прокуратуралар туура эмес кылды.
+1
Sake80
2014-12-03 12:34:20
Оозуна батышынча эле сурабайсынбы ошончо болуптур ойлонуп урбайсынбы анан бироону
+2
temirov76
2014-12-03 12:48:54
1миллион деле жетет,бул деле нормальный сумма да.
-1
Kairatmyn
2014-12-03 13:12:47
Асынып эле албаптырсыз эр болсону.
-1
Looks
2014-12-03 18:52:10
Kairatmyn, бироого гор казба. Аны олтуруп эмне кыласын. Озунду ордуна коюп кор. Сен олсон кимдер сыздайт. Ал олсо сеникинен 2 эсе коп адам сыздайт. Кичине ойлонуп жазсанар.
+1
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-03 20:53:07
Looks, мендагы сага кошулам ойлонуп жазыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан