Ош улуттук драма театрында кечээ, 2-декабрда ОшМУнун алдындагы Конфуций институту ОшМУнун 75 жылдык мааракесине арналган жаңы жылдык концерт тартуулады. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, ага Кытай Эл Республикасынын Оштогу консулу, Ош шаардык мэриясынан, Ош облустук администрациясынан, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан өкүлдөр, жогорку окуу жайларынын жетекчилери, студенттердин ата-энелери, Ош шаарындагы бардык окуу жайларынан окутуучулар, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты. Салтанаттуу кече кыргыз-кытай элдеринин улуттук баалуулуктары болгон бий-ыр, музыкалык аспаптарынын коштоосундагы концерттик программалар менен коштолуп, конокторго көргөзмө тартууланды. Институттун ачылышы менен биргеликте Кыргызстанга келип кытай тили, маданияты, тарыхы боюнча билим берип жаткан кытай окутуучулары конокторду таң калтырып, кыргыздын көөнөрбөс мурасы болгон “Манас” эпосунан үзүндү айтышты. Программанын жүрүшүндө кытай элинин өзгөчө үрп-адаты болуп саналган “Ажыдаар жана арстандар” бийи, кыргыздын улуттук “Кара жорго” бийи менен биргеликте көркөм сөз мурастары, кыргыз-кытай ырлары таланттуу студенттердин, окутуучулардын аткаруусунда кечени шаңга бөлөдү.
Кошумчалай кетсек, Конфуций институтунда учурда 167 студент 3 адистик боюнча билим алат.