Бишкекте бүгүн, 3-декабрда - Эл аралык майыптар күнүнө карата "Сейтек" балдар чыгармачылык борборунда Биринчи Май райондук администрациясы райондун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттоосунда турган 630 майыпка атайын иш-чара өткөрдү.
Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, чакырылган конокторго эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт көрсөтүлүп, материалдык жардам берилди. Райондук администрация Интернат-үйүнүн убактылуу жашоочуларына, Республикалык азиздер жана дүлөйлөр мектеп-интернатына, “Оберег” калыбына келтирүү борборуна жана “Үмүт-Надежда” калыбына келтирүү борборуна материалдык жардамдар көрсөтүлдү.
Маалым болгондой, иш-чарага 541 200 сом бөлүнүп, райондук бюджеттин эсебинен каралган болчу.
Белгилей кетчү жагдай, 26-ноябрдан 26-декабрга чейин Эл аралык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө арналган бир айлык өткөрүлүүдө. Ошондой эле бүгүн райондун муниципалдык аймактык башкармалыктарында атайын иш-чаралар өткөрүлүп, түшкү тамактар уюштурулуп, белектер таратылууда.