Бир катар балдар интернаттарында бүгүн, 3-декабрь – Эл аралык майыптар күнүнө карата майрамдык иш-чаралар уюштурулду. КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, майрамдык чакан концерттер Беловодск, Сокулук, Жайыл, Кадамжай, Жалал-Абад, Ак-Суу, Серафимовск, Покровка жана Токмоктогу балдар интернаттарында болуп өттү.
Ага социалдык өнүктүрүү тармагынын өкүлдөрү, жергиликтүү органдардын жана башка уюм-мекемелердин өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө балдар-интернаттарынын тарбиялануучулары үчүн атайын түшкү тамак даярдалган. Мындай иш-чаралар бүгүн Бишкекте “Сейтек” балдар борборунда да орун алат.