2014-жылы Кыргызстан коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 150-орундан 136-орунга жылды. Бул тууралуу "Transparency International" эл аралык уюмунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, быйыл республика 27 балл алып, 14 мамлекеттен ашкан. Бул тизмеде биринчи орундарды европалык Дания, Финляндия жана Жаңы Зеландия ээлешти. Эң акыркы орундарда Судан, Түндүк Корея жана Сомали мамлекеттери жайгашышты. Орусия да, Кыргызстан да 136-орунду ээледи. Коңшу мамлекеттердин арасында Казакстан 126-орунда, Тажикстан 152-орунда, Өзбекстан 166-орунда, Кытай 100-орунда турат. Жалпысынан бул рейтингде 174 мамлекет бар.
Эскерте кетсек, Кыргызстан 2013-жылы карамагындагы 24 балл менен коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 136-орунда жайгашкан.