Кыргызстанда кышкы сезон ачылды

Кыргызстанда кышкы сезон ачык деп жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында 23 тоо лыжа базасы бар, учурда анын 19у иштейт. Алардын арасында "Каракол" жана "ЗиЛ" базалары ачык, жакын арада калган базалар да ишке кирет. "Тоолуу аймактарда былтыркыга караганда аба ырайынын суук болушунан улам быйылкы кышкы сезон маалында туристтердин көбүрөөк келиши күтүлүүдө. 2014-жылдын туристтик сезонун өткөрүү жана даярдоо боюнча иш-чаралардын планына ылайык, жаңы кышкы сезонго бардык тийиштүү мекемелер (Чек ара кызматы, ИИМ жана ӨКМ) жергиликтүү жана чет элдик туристтердин коопсуздугун жана чек арадан тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоого даяр",- деп билдирет министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан