Урал медициналык университетинде эмгектенген медицина илимдеринин доктору, профессор, Орусия Федерациясына Эмгек сиңирген дарыгер С.Жолудев илимий иш сапары менен Ош мамлекеттик университетинде болду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында С.Жолудев ОшМУнун медицина факультетинин стоматология адистигинин студенттерине, интерндерине, ординаторлорлоруна, врач-стоматологдоруна ортопедиялык стоматология боюнча лекция окуду. Ошондой эле ОшМУнун жаңыдан курулуш иши аяктап, колдонууга берилген стоматологиялык клиникасы, окуу программалары менен таанышып чыкты.