Мамлекеттик тарых музейинин жыйындар жайында 8-декабрда “Мыкты усулдук-2014” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти.
"Азыркы учурда Кыргызстанда мамлекеттик тилди окутуу иштери, усулдуктары коомчулукта тынбай сынга алынып, ал эми расмий тил болуп эсептелген орус тилин айыл жерлеринде окутуу чоң көйгөйлөрдү жаратууда. Өлкөдөгү улуттар аралык ынтымакты, биримдикти жөнгө салуу максатында өзбек, тажик мектептеринде кыргыз тилин окутуу маселеси актуалдуу болгондуктан, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан республикадагы ЖОЖдордо жана окутуу орус, өзбек, тажик тилинде жүргүзүлгөн билим берүү мекемелеринин арасында мамлекеттик тилди окутуу боюнча мыкты усулдук сынагы жарыяланып, 2014-жылдын 1-мартынан 1-ноябрына чейин өткөрүлдү",- деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, сынакка республика боюнча 40тан ашык усулдук, 70 иштелме келип түшүп, арасынан жобого ылайыкталып калыстар тобу тарабынан татыктуулары тандалып алынган.
Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланышат. Ал эми мыкты деп табылган усулдуктар Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан чыгарылып, ЖОЖдорго, мектептерге таратылат.