Эртең аскер кызматкерлери үчүн курула турган 12 кабаттуу үйгө капсула салынат

Эртең, 4-декабрда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскер кызматчылары үчүн 209 батирлүү 12 кабат жаңы үйдүн пайдубалын курууга капсула ташталат. Бул тууралуу бүгүн аталган штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көп кабаттуу турак жайдын жалпы аянты 14,6 миң чарчы метрди түзөт. Үйдүн алдында атайын унаа токтотуучу жай кошо курулат. Жаңы үйдүн биринчи кабаты аскер бейтапканасына берилет.

Иш-чарада Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев,  коргоо министри Абибилла Кудайбердиев, Бишкек шаарынын вице-мэри Бактыбек Абдиев, өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов жана башкалар катышат.

Турак жайдын курулушун 2017-жылы бүтүрүү пландалууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан