Жалал-Абад. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар Куурчак театрынын чыгармачылыгына күбө болушту

Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында бүгүн, 3-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата иш-чара орун алды. “Мээрим булак” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин коомдук фондунун уюштуруусунун негизинде өткөн саамалык балдардын маанайын көтөрүү максатында ишке ашырылды. Саамалыкта балдар Куурчак театры тарабынан сунушталган программага күбө болушту. Ага мекеме-уюмдардын өкүлдөрү чакырылды. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар өз өнөрлөрүн тартуулап, демөөрчүлөр тарабынан белектерге ээ болушту.

"Аталган коом 6 жылдан бери иштейт. Мында 2 жаштан 18 жашка чейинки 40 бала катталган. Бул коомго волонтёрлор келишип, өз жардамдарын берип турушат",- деди аталган коомдун жетекчиси Майрам Мисиралиева. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан