Беловодск мектеп-интернатынын тарбиялануучусунун качып кетүүсүнүн себеби такталууда

Беловодск мектеп-интернатынын тарбиялануучусунун качып кетүүсүнүн себеби такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында аталган мектеп-интернаттын окуучусу качып кеткен. Анын качып кетишине директордун ур-токмокко алганы себеп болгонун өлкөдөгү айрым массалык маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышкан эле.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, кечээ, 2-декабрда мектеп окуучуларынын баары медициналык текшерүүдөн өтүшкөн. Анда тарбиялануучулардын эч кандай денесинен зыян алганы аныкталган эмес. Учурда министрлик иштин чоо-жайын тактоодо. Анын жыйынтыгында тиешелүү чаралар көрүлөт. Качып кеткен бала мектеп-интернатына кайтып келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан