Ош шаарында жалпы 7445 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам расмий каттоодо турат. Аларды камкордукка алуу үчүн бир айлыктын алкагында 548 миң сом акча каралган. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда Ош мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 15-ноябрдан 15-декабрга чейин 3-декабрь - Майыптардын эл аралык күнүнө карата “Биз биргебиз” аттуу бир айлык жарыяланган. Шаарда бүгүнкү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын майрамына карата бир катар иш-чаралар болуп өттү.