3-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 438 миллион метр кубду түзүүдө. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Суу сактагычка учурда секундасына 179 метр куб суу агып кирсе, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 207 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундасына 542 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 609 метр куб болгон.
Эске салсак, өткөн жылы 3-декабрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 14 миллиард 718 миллион метр кубду түзгөн.