Бишкек шаарында жай мезгилинин жашыл болуусу үчүн акция өткөрүлдү

Борбор калаада жай мезгилинин жашыл болуусу үчүн акция өткөрүлгөнүн 3-декабрда шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда “Фермер” дыйканчылык чарбасы жана Фермерлер ассоциациясы “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасына шаарды жашылдандыруу боюнча бирге иш алып барууну жана жогорку сапаттагы, таза, экологиялык, тамак-аш калдыктарынан өндүрүлгөн “Надежда” жер семирткичин колдонууну сунуштаган.

Жер семирткич өндүрүүчүлөрүнүн айтуусунда, айыл чарба өсүмдүктөрүнө пайдалануунун натыйжалары боюнча жетишерлик сыноо тажрыйбалары жүргүзүлүп, өсүмдүктөргө жүргүзүлгөн тажрыйбалар түшүмдүүлүктүн кескин өскөнүн, же болбосо эң аз дегенде 2-3 эсеге чейин өскөнүн көрсөткөн. Бул үчүн тамак-аш калдыктары жана биогаз орнотуу керектелет. Жер семирткичти текшерүү максатында “Шаар жашылдана берсин” акциясы өткөрүлдү. “Фермер” дыйканчылык чарбасы жана Фермерлер ассоциациясы акциянын алкагында 250 литр жер семирткичти “Жашылдандыруу” ишканасына берип, жер семирткичтер сууга кошулуп көчөттөргө куюлду. "Жер семирткичтерди колдонгондон кийин топурактын курамы жана түзүлүшү жакшырат деген ишеничтемин",- дейт “Жашылдандыруу” ишканасынын башчысы Анвар Атантаев

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан