Лондондо белгилүү "Сотбис" аукционунда 3-декабрь күнү кыргыз үй-бүлөсүндө бир нече кылымдан бери үй-бүлөлүк мурас катары сакталып келген зер буюмдар 390 474 долларга сатылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
“Сотбис” аукционунун сайты маалымдагандай, зер буюмдарды 1890-1895-жылдары Сансызбай Үмүткор аттуу жаран сатып алган. Кийин ал муундан-муунга өтүп, бүгүнкү күнгө чейин үй-бүлөлүк мурас катары сакталып келген. Белгилүү болгондой, бул зер буюмдар 1939-жылы Үмүткор Сансызбайдын небереси Зария Үмүткор аттуу айымга өткөн. Ал эми 1967-жылы Зария Үмүткор өзүнүн кызынын үлпөт тоюнда буюмдарды белекке берген. 2013-жылы ал зер буюмдар өз ээси менен Словакияга кеткен. Белгилүү болгондой, "Үмүткор" зер буюмдары алтындан жана айнектен жасалган.