Ош. Окуучулардын кышкы каникулу 20 күн болот

Ошто мектептерде кышкы сезондук оорулардын алдын алуу максатында каникулдардын жаңы графиги жарыяланды. Жазгы каникул күндөрүнүн (3 күн) жана 2015-жылдын 29-майына чейин (4 күн) окутууну улантуунун эсебинен 2014-жылдын 29-декабрынан баштап 2015-жылдын 18-январына чейин (20 күн) окуучулардын кышкы каникулунун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул Билим берүү жана илим министрлигинин 2014-жылдын 16-октябрындагы билим берүү мекемелеринин каникулдардын жаңы графиги жөнүндөгү буйругунун негизинде түзүлдү.

Кошумчалай кетсек, былтыркы окуу жылында кышкы каникул 2013-жылдын 31-декабрынан 2014-жылдын 15-январына чейин болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ainurka_Deli
2014-12-04 12:02:18
Кол, Нарындачы?
0
erali
2014-12-04 19:56:12
"кышкы сезондук оорулардын алдын алуу" деп коркомдобой эле,электр энегиясын уномдоо максатында же себебин тагыраак жазсанар жакшы болмок,ар нерсенин оз убагында болгону жакшыраак!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан