Кечээ, 3-декабрь – Майыптардын эл аралык күнүнө карата Ош мамлекеттик университетинде билим алып жаткан 37 студентке социалдык стипендиялар берилип, сый тамак уюштурулду. Ошондой эле №5-орто мектепке жана Ош шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 5 жаранга колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүү максатында университеттин бардык факультеттеринде, колледждеринде, жатаканаларында түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, моралдык, материалдык жактан колдоолор көрсөтүлдү. Бул багытта юридика факультетинин социалдык иштер кафедрасынын окутуучулары жана анда билим алып жаткан студенттердин “Социум" жаштар клубу менен биргеликте Кара-Кулжа районундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга моралдык колдоо көрсөтүлүп, маданий иш-чара уюштурулду.
Кошумчалай кетсек, ОшМУда билим алып жатышкан майып студенттерге студенттердин абалын эске алуу менен атайын комиссиянын чечимине ылайык, келишимдик акыларына 10 пайыздан 50 пайызга чейинки жеңилдиктер берилип келет.