Бишкек шаарынын жолдорун жаап жаткан кардан тазалоо үчүн 545 адам жана атайын техниканын 23 бирдиги тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Тазалык” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, унаа жолдорго 170 тонна кум жана 13 тонна туз чачылды.