Чүй облусунда үй-жайсыз адамдарды кабыл алуучу 17 жай иштеп жатат. Алардын 5и чоңдор, 2и аралаш жана 10у жаш балдар үчүн. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 4-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, ал жакта үй-жайсыздар үчүн атайын шарттар түзүлгөн. Күнүгө ысык тамак, жылуу жай даярдалган. Ошондой эле медициналык, укуктук, акчалай, турмуштук жардамдар да берилет.