Баткенде 96 миң сомго 10 желек жана 10 герб жасалып, ал облустун район-шаарларынын жетекчилерине тапшырылат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы Баткен облусунун желеги жана герби үчүн жарыяланган сынактын негизинде сүрөтчү Абдыжапар Маткаимов авторлук кылган желекте Баткен облусунун символу катары айгүл гүлү көрсөтүлгөн. Ошондой эле облустагы 3 район жана 3 шаар атайын 6 жылдыз менен белгиленген.