Бишкекте бүгүн, 4-декабрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Азыркы күндөгү коммуникация системиндеги PR жана коомчулук менен байланыш” деген аталыштагы илимий конференция болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө буга чейин “Эң мыкты видеожарнама”, “Эң мыкты радиожарнама” жана “Эң мыкты басылма жарнамасы” номинациялары боюнча социалдык видеотүрмөктөргө жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Анда мыкты социалдык жарнамалык түрмөктөрдүн ээлери атайын диплом жана чакан сыйлыктар менен сыйланды.
“Бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты - жарнамалык жана социалдык видеотасмалардын коомчулуктагы ордун жана анын таасирин талкуулоо. Ошондой эле биздин окуу жайдын жарнама жана коом менен байланыш бөлүмдөрүнүн келечектеги адистерин такшалтуу жана коомчулукка тарап жаткан коммерциялык жана социалдык жарнамалардын деңгээлин көтөрүү”,- дейт Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин деканы Абдыганы Халилов.
Илимий конференциянын 2-бөлүгүндө окуу жайдын студенттери тарткан социалдык жарнамалар көрсөтүлдү. Иш-чара окуу жайдын студенттери тарабынан даярдаган концерттик программа менен жыйынтыкталды.