Азыркы күндө телевидение жана радиодо берилип жаткан социалдык видеотүрмөктөрдүн деңгээли төмөн. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда SUPER.KG порталына Чыгыш университетинин профессору Тамара Жаманбаева билдирди.
“Телевидениеге кеткен социалдык видеотасмаларды өздөрү тартпайт. Келген видеотасмалардын баары иргелип, коммерциялык жана социалдык болуп бөлүнөт. Азыркы күндө эфирге берилип жаткан социалдык жарнамалардын көбүнүн музыкасы менен сөздөрү дал келбейт же жарнаманын мааниси менен музыкасы дал келбей калат. Менимче, ар бир социалдык жарнаманын тарбиялык мааниси болушу керек. Ал жарнаманы көргөн адамга терең таасир этиши шарт, анын аң-сезиминде кандайдыр бир из калтырышы кажет”,- дейт Жаманбаева.