Аксынын Кара-Суу айылында айыл өкмөттүн 2 кабаттуу жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 5-декабрда Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын ачылышы болот. Аталган айыл өкмөттүн башчысы Талантбек Алимбековдун SUPER.KG порталына билдиришинче, эки кабаттуу кеңсени курууга айыл тургундары өзгөчө салым кошушту. 
"Кара-Суу айылынан чыккан ишкерлерге, жалпы айыл тургундарына ыраазычылык айтам. Анткени ар бири колдон келген жардамын аяган жок, жыйынтыгында 1 миллион 200 миң сом топтоп беришти. Калган каражат түрткү берүүчү гранттын эсебинен алынды. Жалал-Абад облусунун башчысы Жумагүл Эгембердиеванын, Аксы районунун акими Медет Айдаралиевдин колдоосу менен минтип жаңы кеңсени пайдаланууга берүү алдында турабыз. Саат 11де кеңсенин ачылышын кылып, андан кийин кафеде айыл аксакалдарына сый тамак беребиз",- деди Алимбеков.   
Маалыматка таянсак, Кара-Суу айылында 8,5 миң калк жашайт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dolbooruwka
2014-12-05 11:21:03
мммм жакшы болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан