Чүй жана Ысык-Көл облустарында кургак учук менен ооругандарга колдоо көрсөтүүчү топтор түзүлөт

4-5-декабрда Бишкек шаарында Чүй жана Ысык-Көл облустарында кургак учук менен ооруган адамдарга колдоо көрсөтүүчү топторду түзүү боюнча семинар өттү. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган топтор Чүй облусунун Жайыл, Сокулук, Кемин, Чүй, Аламүдүн райондорунда, Токмок шаарында жана Ысык-Көл облусунун эки районунда түзүлмөкчү. Алар кургак учук менен ооругандарды дарыланууга чакыруу ишин алып барышат. “Айрым бейтаптар дарыланбай, илдетти башкаларга жугузуп келишет. Акыркы жылдары кургак учук менен ооругандардын саны өсүүдө”,- дешет уюштуруучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан