Бүгүн, 5-декабрда Бишкек шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан "Согуш жөнүндөгү саптар" сынагы өттү. Бул тууралуу борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамынын алкагында өткөрүлдү. Сынактын катышуучуларын мугалимдер, депутаттар жана чиновниктер баалашып, жеңүүчүлөрдү аныкташты. Ошентип, төмөнкүдөй жыйынтык чыкты:
"Жаттап айтуу" номинациясы боюнча:
I орун. Алтынай Жапарова (№27-мектеп-гимназия);
II орун. Айдана Өскөнбаева (№12-мектеп-гимназия);
III орун. Айгерим Карыпова (№85-мектеп-гимназия);
“Көркөм окуу” номинациясы боюнча:
I орун. Ринат Жүдөмүшев (№18-орто мектеби):
II орун. Юлия Дворянинова (№33-мектеп-гимназия);
III орун. Талантбек кызы Милана (№86-орто мектеби).
Сынактын жеңүүчүлөрү грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты. Катышуучулардын ата-энелерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды.