Өзгөндө министрдин катышуусунда айыл чарба маселелери талкууланды

КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев бүгүн, 5-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министр жолугушууда өзүнүн Орусияга болгон иш сапарына токтолуп, күрүчтү кайра иштетүү боюнча жаңы техникалар жөнүндө айтты. Ошондой эле орусиялык ишкерлер менен жолугушууда 30 миң тонна кыргыз төө буурчагын алуу маселеси көтөрүлгөнүн кошумчалады.

Өзгөндөгү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иштетилбей жаткан 50 миң гектарды керектөөнү талкууга алышты. Ошондой эле айыл чарбадагы көйгөйлөрдүн арасында комбайн, экскаваторлорду алуу айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kama_future_millioner
2014-12-06 08:42:12
Айылчарбасын өнүктүрүү керек,ошого байланыштууу техника жабдыктарды да жаңылап берсе чооң жардам болот эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан