Жалал-Абадда Телевидение күнү белгиленди

Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында 8-декабрь - Телевидение күнүнө карата концерттик шоу-программа уюштурулду. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чакырылып, ырчылар таланттарын тартуулашты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аймактагы облустук телеканалдарга жергиликтүү бийлик тарабынан 50 миң сом акча каражаты берилди. 
"Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан биз жашаган шаардын келечеги, анын тазалыгы, жашыл жана көрктүү болуусу үчүн көрүп жаткан аракеттерин калкыбызга туура жеткирип, биз менен биргеликте кызматташ болуп келесиздер. Мындан ары да эриш-аркак иш алып барабыз деп ишенем",- деди шаар мэри С.Авазов
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан