Бишкектин көчөлөрүнө 5-декабрда 706 тонна кум чачылды

Бишкек шаарынын көчөлөрүн кардан жана муздан тазалоо үчүн 5-декабрда 706 тонна кум, 61 тонна туз чачылды. Муну мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Борбор шаардын көчөлөрүн тазалоого 24 атайын техника: 4 трактор, 3 жүк жүктөп берүүчү техника, 1 жүк ташуучу ЗиЛ, 16 МАЗ автоунаасы тартылган. Мындан тышкары "Тазалык" ишканасынын жумушчулары иштешкен. 
Айта кетсек, шаардын борбордук көчөлөрүндө азырынча коркунучтуу муз жарала элек, бирок тротуарлардагы кар өз учурунда тазаланбай жатат. "Тазалык" ишканасы муну жумушчулардын жетишсиздиги менен байланыштырууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dadin2
2014-12-05 18:28:11
Ишенбей турамда ушул жанылыка..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан