Бүгүн, 5-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Кыз-Бурак" тобунун негиздөөчүсү
Гүлшайыр Садыбакасованын 60 жылдык мааракесине арналган концерт орун алып жатат. Концерттин башталышында ЖКнын вице-спикери Төрөбай Зулпукаров спикер Асылбек Жээнбековдун куттуктоосун окуп берди. Андан соң Бөдөш Мамырова, Асия Сасыкбаева, Жылдызкан Жолдошова жана Өмүрбек Текебаев сыяктуу депутаттар сөз сүйлөштү.
"Мына, акыркы 30 жылда заман алмашты, экономикалык абал өзгөрдү. Сиз негиздеген топ мекенге арналган мыкты ырлары менен айырмаланып келет",- деди Ө.Текебаев.
Андан соң өкмөт мүчөлөрү күндүн каарманынын дарегине жылуу сөздөрдү узатышты.