Улуу Британияда дүйнөдөгү эң семиз адам Кит Мартин көз жумганын 5-декабрда чет элдик маалымат булактары жарыялашты. 444 килограмм салмагы менен "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген 44 жаштагы Кит Мартиндин өлүмүнө пневмония себеп болгону айтылды. Ага мындан 8 ай мурун операция жасалып, ашказанынын көлөмү кичирейтилген. Мартин өзүнүн семиздигине, тамакты көп жешине өмүр бою өзүн күнөөлөп келген. "Менин мындай болушума өзүм гана күнөөлүүмүн. Эч ким менин башыма тапанча такап, мынчалык көп тамак жешимди талап кылган жок",- деп билдирген ал маектеринин биринде.
Кошумчалай кетсек, Мартин иштөөгө жөндөмсүз гана эмес, өз алдынча кыймылдай алчу эмес. Ал үйлөнгөн да эмес.