Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү түшүүчү жерлерди аткылоо планы токтотулду

Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү түшүү коркунучу жогору жерлерди артиллериялык аткылоо планы токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, аткылоо планынын токтотулушу 7-9-декабрь күндөрү кардын калың жаашы күтүлүп жатканына байланыштуу болду. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев "Ата Журт" фракциясынын 5-декабрдагы жыйынында ашууларда атайын техникалык унаалар менен кызматкерлер тобунан уюштурулган нөөмөт иштеп жатканын, өзгөчө кырдаал түзүлгөндө ӨКМга ыкчам маалымат берилерин белгиледи. Депутаттар мындай шартта ашууларда "Тез жардам" баштаган тиешелүү кызматтарды дагы тартуу жагын өкмөткө сунушташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан