Япониялык "Toyota Motor" корпорациясы 15-декабрдан баштап биринчи сериялык үлгүдөгү суутек менен жүрүүчү автоунааларын сатыкка чыгарат. Mirai ("Келечек") деп аталган жеңил унаа япониялык рынокто сатыкка чыгат жана Батыш Европа менен АКШга экспорттолорун чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Компания 2014-жылдын аягына чейин мындай үлгүдөгү 400 автоунаа сатууну пландоодо. Кийинки жылы автоунааларды чыгаруу эки эсе өсөрү, 2020-жылга чейин жылына 50 миң автоунаа, 2030-жылга карата жылына 400 миң автоунаа сатуу деңгээлине жетүү пландалып жатканы айтылды. Автоунаанын баасы 57 460 доллар.