Шашылыш эскертүү! Кыргызстанда сууктун күчү -43 градуска жетери күтүлүүдө

Кыргызстанда 7-декабрь күнү аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катаал аба ырайы 9-декабрга чейин уланарын эскертүүдө. Маалыматка таянсак, өлкөдө абанын температурасы кескин төмөндөп, кар жаайт, жолдор тайгак болот. Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -15…-25 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында сууктун күчү -15 градус, Нарын облусунун бийик тоолуу аймактарында түнкүсүн  -28…-33 градус болушу күтүлүүдө. Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн сууктун күчү -38…-43 градуска жетмекчи.

"Мындай аба ырайы кыштоолордо малды кармоону, автоунаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат",- деп билдирет министрлик.

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
zman53
2014-12-06 11:24:49
Кудай сакта,деги свет очпосо экен.Олко башчы билген го суук болорун,жылуу олкого кетип калды.
+11
tolkun85
2014-12-06 11:44:38
ооо....ош- бишкек машина менен кетпей эле туруш керек екен анда
+8
bopos
2014-12-06 12:30:43
Путинге азамат экен,эки саатка свет очсо элдин баары ызы-чуу салып мчске чалышып жатып калышты эле "первый помощь"болот жиберилди деп элди тынчтандырды.биз кыргыз байкуш каяктагы 2саат 2кун очсо да эч кимге чалбайбыз,2саатка куйсо ой свет очкончо муну даядап алалы дейбиз.Атамбаев биринчи элди эмес озун ойлоп жатпайбы чындыгында.2чи баласын торогондорго акча берип жатат,бизде болсо каралбайт больницадан эле.биздин ажоолор элин ойлосо жакшы болмок,жеке оздорун эмес.
+5
bopos
2014-12-06 12:34:33
кун суук болсо карапайым эл гана кыйналат,свет очсо да.анысы аз келгенсип маяна кобойбойт же комур арзандабайт.россияда нандын баасын 50тыйынга которсо эмнеге дешет,бизде болсо 10сом которулсо деле байкуш элдер кымбаттаптыр деп ала беребиз.элди бир нукка салып кетер бироо келсе жакшы болмок.баарына чыдаган кыргыз бул суукка да чыдайт кайда барабыз айла жок.
+5
rozka
2014-12-06 14:07:07
Бишкекте минус 15 болсо Сибирдин -30 дай суук болот кандай болот экен эми свет эле очпосун
+2
Boldukan86
2014-12-07 22:32:26
оа кун сууса эл эле кыйналат. Базарга чыгып иштегендер, мал жан карагандар майда чуйдо иш кылгандар. Чондор кайдан кыйналмак эле? уй жылуу колдо акча кенири. Эмне кааласа сатып келет. Жатат чалкалаап.
+2
Patrik
2014-12-08 12:30:18
-43 десе чочуп кетипмин
+2
mais84
2014-12-08 15:43:31
АЛЛААХ ТЬАЛА озу сактасын карапайым элибизди ысык суугунан.Чондордон умуттонбой.АЛЛААХдан гана болсун умутубуз.чондорун деле бир тамчыдан жаралган
+2
arman00
2014-12-08 16:43:06
зима не будит)))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан