Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана бир катар автоунаа жолдорунда 8-декабрга чейин кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Муну бүгүн, 6-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрлик кооптуу деп атаган аймактар төмөндө:
Бишкек - Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдары;
Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдары;
Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымы;
Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымы.
Буга байланыштуу аталган жолдор менен жүргөн айдоочулар автоунаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сакташы зарыл.