Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айылдары 3 күндөн бери светсиз отурат

Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айылдарында 3 күндөн бери свет жок. Муну бүгүн, 6-декабрда SUPER.KG порталына аталган айылдын тургундары кабарлашты. Кардын калың жаашынан улам аймакка электр энергиясын жеткирчү чубалгылар үзүлүп, дагы эле оңдолбой туруптур. "3 күндөн бери жарык жок, башкасын айтпай эле коёюн, өчүп калган уюлдук телефондорду кубаттай албай убарабыз",- дейт айыл тургуну Бакберген Урусалиев. Анын айтымында, айрым айылдарда кардын калыңдыгы 60 сантиметрге чейин жетти.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Nariste...12
2014-12-06 17:26:37
Эмнеге ушуга окшогондорду чондор карабайт? Чын эле 3- кун алдын уйдогулор менен суйлошкон элек. Азыр чалсак телефондору очук. Ошондо эле айтышкан калын кар жаап , светтер очкон деп. Корсо ошондон бери свет жок турбайбы?
0
Aksy-13
2014-12-06 17:52:18
Чондор балээни билеби аларга светтин жоктугун билгизишпейтда анан казакстандан тияктан быяктан карызга свет алып атабыз деп президент журот. Жарым саат да очпойт дешкен.Карыз алган эок оздоруно эле тиешелууго дейм
-1
Aisanat
2014-12-06 18:24:08
Мурун телефон жокто эмне кылышчу дейм да. Тамак, нан бышыра албай жатабыз дешсе биринчи.
+1
Nariste...12
2014-12-06 18:58:06
Aisanat, билдируу берген бала бойдок жигит. Албетте бойдок жигиттин оюна телефон келгендир да. Эгер улуу муундагы агай-эжелерден сураса, алар такыр башкача жооп бермек.
Негизи Аксыда эле эмес, бардыкКыргызстан боюнча свет очушун каалабайм.
0
Aksy1993
2014-12-07 01:03:40
Aisanat, Bizdin aiylda tamak adhty ochoko je meshke ot jagyp byshyrat.
0
alooke
2014-12-06 19:19:01
Aisanat, Nariste...12, маек берген адам "башкасын айтпай эле коеюн" деп жатпайбы? Демек, нан бышыруу, тамак кылуу сыяктуу олуттуу нерселерди эмес, жонокой телефон заряддаганга свет жок деп жатат да. Мен да кечээ чалганда уйдогу 5 телефондун бироосу гана иштеп аткан )) бугун анысы да очуптур (((
0
Nariste...12
2014-12-06 19:41:52
Негизи бизге кыш келди дегиче, свет очуруу деген онокот оорубуз башталат. Дагы жакшы комурубуз бар. Свет жок болсо да, комур менен да тирилик кыла беребиз. Жогорудагы жеп ичээрлер, ушул койгойду колго алса, жакшы болмок.
0
aslan_akjol89
2014-12-06 21:43:27
Кандайча очук?Мен бугун Карасууга барып келдим бир иштер менен,бар эле экен свети.
+1
Nariste...12
2014-12-06 22:09:27
Ооба , куйуп калыптыр. Бирок буга чейин жок экен эле.
0
kama_future_millioner
2014-12-07 00:43:48
3 күндөн бери эч чара көрбөдүбү чоңдор
0
Oceana
2014-12-07 08:29:24
3 kun bolupturgo demek chara korgon emes.
0
Aksy-13
2014-12-07 10:04:49
кечээ куйуптур. бирок кээ бир участоктордо дагы деле жок экен. Мен уйдогуларго чалып суйлоштум
0
Eldos-kg
2014-12-07 12:00:35
кыйналды го аксы элим
0
kgBEKI
2014-12-07 12:53:46
рестин чондору иштебей жататда
+1
tegenelik
2014-12-07 19:06:07
аксынын жаны жолундагы рести караган максат акенин бригадасы азаматтар суукка шамалга воскрсеньеге карабай ондошту бирок кайра эле очту линиялар эски да
0
aslan_akjol89
2014-12-08 11:15:49
tegenelik, туура,аларга рахмат!Бирок,бизге Кичи акжолго келбей коюшту Тегенеден бошобойбуз,озунор улап алгыла дешип.Анан Аскат экообуз 4 жерде узулгон 0.4кв линияларды уладык.Азыр ооруп калдым ошондо кечке кар кечип журуп.Бирок,эл ыраазы болсо болду да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан